Бишкекте шаар күнү үчүн веложүрүш өтөт

Бишкекте 1-майда борбордун 148 жылдыгына арналган жазгы велопробег өтөт. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, катышуучуларды каттоо эртең мененки саат 08:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Велопробегге катышуу үчүн бардык каалоочулар чакырылат, жаш куракка байланыштуу чектөөлөр жок.

Иш-чаранын программасы төмөнкүчө:

– 08:00-08:45 – катышуучуларды каттоо;
– 08:50 – брифинг;
– 09:00 – велопробегдин башталышы: Д. Асанов атындагы Жеңиш паркы – Чортеков жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде бурулуш – ФОК «Газпром-детям»;
– 09:40 – финиш, катышуучулардын келишин күтүү;
– 10:00 – салтанаттуу бөлүк жана концерттик программа.

Иш-чара учурунда, 09:00дөн 09:40ка чейин жолдордо кээ бир жерлерде жабылуулар болушу мүмкүн. Бишкек мэриясы бардык каалоочуларды жазгы велопробегге катышууга чакырат. Бул таза абада убакыт өткөрүп, ден соолукка кам көрүү жана биримдик менен позитивдүү атмосфераны сезүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген