Юта штатында кок борго кызыгуу пайда болду, ВИКке атайын команда келет

Бишкек шаарында Жогорку Кенештин төрагасы Марлен Маматалиев Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатынын сенатынын төрагасы Дж. Стюарт Адамс баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер, ошондой эле Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Маматалиев делегациянын мүчөлөрүн быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк кочевник оюндарына чакырды. Делегациянын мүчөсү Джози Макги Юта штатында кыргыздын кок бору оюнуна чоң кызыгуу бар экенин белгилеп, Дүйнөлүк кочевник оюндарында атайын команда менен катыша турганын билдирди.

Төрага Кыргызстан көп векторлуу саясат жүргүзүп, бардык өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө багытталган маанилүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн, ошондой эле С5+1 форматында жолугушуулар уюштурулганын белгиледи. Маматалиев товар жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгын айтты.

Парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселесине токтолуп, Жогорку Кенеште АКШ менен кызматташуу боюнча достук депутаттык тобу бар экенин айтып, АКШ Конгрессинде да ушундай топ түзүүнү сунуштады. Бул механизм туруктуу диалогду камсыз кылып, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга чоң түрткү берет, деди ал.

Визалык маселелер боюнча да өз оюн билдирген Маматалиев Кыргызстандын визалык залогдон чыгарылышын же анын суммасын төмөндөтүүнү, ошондой эле 10 жылдык визаларды берүү практикасını калыбына келтирүүнү өтүндү.

Дж. Стюарт Адамс Кыргызстандагы табияттын кооздугуна жана элдин конокпоздугуна таң калганын билдирди. Ал Юта штатынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып, бул штат АКШнын эң өнүккөн штаттарынын бири экенин кошумчалады.

“Биз Кыргызстан менен бардык багыттарда жакын кызматташууга жана өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө кызыкдарбыз. Сиздер көтөргөн маселелер боюнча визалык шарттарды чечүүгө жардам берүүгө аракет кылабыз”, – деди ал. Жолугушуунун соңунда маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө боюнча демилгелер жана ушул багытта долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген