Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте жасалма интеллект боюнча форум өтүп жатат. Бул форум Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министрлеринин 5-чи жыйынынын алкагында уюштурулууда. Иш-чаранын максаты – санариптик өнүгүү жаатында мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо.
Кыргызстандын санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов форумда Кыргызстан жасалма интеллект жана санариптик технологиялар боюнча эл аралык кызматташууга ачык экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, технологиялар жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле глобалдык ИИ экосистемасына катышуу маселелерине көңүл бурду.
Форум жасалма интеллект технологияларын киргизүү жана колдонуу боюнча практикалык аспектилерди талкуулоо үчүн эксперттик жана диалогдук аянтча катары кызмат кылат. Ушул жерде ШКУга мүчө мамлекеттердин ИИ колдонуу боюнча мыкты тажрыйбалары, мамлекеттик органдар, бизнес коомчулугу, илимий-изилдөө жана билим берүү уюмдары ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун келечеги талкууланууда.
Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин министрлери жана тиешелүү ведомстволордун жетекчилери, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, диалог боюнча өнөктөштөр, эл аралык жана регионалдык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышууда.