Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстанда мектеп мугалимдеринин орточо айлык эмгек акысы учурда 24 798 сомду түзөт. Жакынкы убакта бул сумма 50 551 сомго чейин жогорулайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат, финансылык анализ жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова билдирди.
Ал белгилегендей, өлкөдөгү орточо эмгек акы 42 948 сомду түзгөндүктөн, билим берүү тармагындагы эмгек акы жалпы республикалык деңгээлден 117% жогору болот. Мисалы, мектеп мугалимдеринин айлыгы 26 800 сомдон 50 972 сомго чейин көтөрүлөт, ал эми бала бакча тармагындагы тарбиячылар 26 976 сомдон 55 723 сомго чейин алышат.
Методисттердин эмгек акысы 15 210 сомдон 53 438 сомго чейин жогорулайт, ал эми мектептердеги кружок жетекчилери 27 076 сомдон 49 872 сомго чейин алышат. Профилицейлердеги өндүрүштүк окутуучулардын айлыгы 28 966 сомдон 57 128 сомго чейин көтөрүлөт.
Мектеп директорлору 22 472 сомдон 55 255 сомго чейин, бала бакча жетекчилери 18 676 сомдон 52 447 сомго чейин, методикалык кабинет жетекчилери 18 676 сомдон 55 255 сомго чейин, сырттан билим берүү уюмдарынын жетекчилери 17 011 сомдон 49 022 сомго чейин, профессионалдык лицейлердин директорлору 25 692 сомдон 56 107 сомго чейин эмгек акы алышат.
Техникалык кызматкерлердин айлыгы 8 448 сомдон 17 672 сомго чейин, бирок колго тийген сумма 13 960 сомду түзөт. Медсестралар 9 856 сомдон 19 784 сомго чейин, колго тийген сумма 15 679 сом. Хозяйство жетекчилеринин айлыгы 12 320 сомдон 23 656 сомго чейин, колго тийген сумма 18 688 сом. Бала бакча ашпозчулары 14 080 сомдон 31 400 сомго чейин алышат, колго тийген сумма 24 856 сомду түзөт.
Билим берүү тармагындагы эмгек акынын жогорулашы, мугалимдердин жана тарбиячылардын социалдык абалын жакшыртууга, ошондой эле билим берүү сапатын көтөрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.