Кыргызстандык балет артистеринин XIX «Арабеск» сынагында ийгиликтүү чыгышы

Кыргызстандын улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери «Арабеск» аттуу XIX Орус ачык балет артисттеринин конкурсуна катышып, чоң ийгиликке жетишти. Театрдан алынган маалыматка ылайык, кыргыз балетинин жаңы жылдызы Адилжан Рахманов II сыйлыктын ээси болду. Ошондой эле, кыргыз көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүгү болгон Даяна Кыдыралиева бул престиждүү турнирдин дипломун алды.

«Арабеск» конкурсу 1988-жылдан бери дүйнөдөгү эң авторитеттүү балет конкурстарынын бири болуп эсептелет. 2026-жылы бул иш-чара Пермь шаарында 15-апрелден 25-апрелге чейин өтүп, пермь балетинин 100 жылдыгына арналды. Конкурска 14 өлкөдөн 354 арыз келип түштү. Анын ичинде Россия, Австралия, Бразилия, Франция, АКШ, Япония, Италия, Түркия, Монголия жана башка өлкөлөрдүн артисттери катышты.

Конкурстун негизги максаты – жаңы таланттарды ачып, аларга ийгиликтүү карьера үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүү, классикалык балеттин бай мурасын сактоо жана заманбап хореографияны өнүктүрүү. «Арабеск» жаш хореографтар жана заманбап бий артисттери үчүн чыгармачылык лаборатория болуп саналат. Бул конкурс Россиянын маданий иш-чараларынын маанилүү бөлүгү гана эмес, дүйнө жүзүндөгү балет сүйүүчүлөрү жана адистери үчүн чыныгы майрам болуп эсептелет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген