Кыргызстанда биринчи жолу учакта мода көрсөтүү болду – сүрөттөр

Кыргызстанда уникалдуу маданий долбоор ишке ашырылды — Бишкек-Каракол багыты боюнча учуп жаткан учакта мода көрсөтүү өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Мода көрсөтүүнүн негизги бөлүгүндө белгилүү дизайнер Айпери Обозованын автордук коллекциясы сунушталды. Дизайнер көп жылдан бери кыргыздын салттуу орнаменттерин жана этникалык элементтерин заманбап стилде чагылдыруу менен улуттук маданиятты эл аралык деңгээлде жайылтууда.

Көрсөтүү учактын учуу учурунда өтүп, моделдер коллекцияны учактын ичиндеги жүргүнчүлөргө көрсөтүштү. Иш-чарага профессионал моделдер, белгилүү блогерлер жана артисттер катышты. Долбоордун өзгөчөлүгү — анын күтүүсүз форматы, айрым жүргүнчүлөр үчүн мода көрсөтүү сюрприз болду.

Долбоордун идеологу жана демилгечиси — маданияттын мыктысы Олеся Семикоз. Бул долбоор Кыргызстанда гана эмес, региондо да биринчи жолу ишке ашырылып, өлкөнүн креативдик индустрияларынын потенциалын көрсөттү.

Мындай уникалдуу иш-чаралар өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө жана дүйнөгө таанытууга чоң салым кошот. Кыргызстандагы креативдик индустриялардын өсүшү, жаңы идеялардын жана долбоорлордун пайда болушу, өлкөнүн маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген