Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Ош шаарында автозапчастар жана курулуш материалдарын саткан соодагерлер мэр Жанарбек Акаев менен жолугушту. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, соодагерлер буга чейин шаар башчысына кайрылышкан.
Акаев соодагерлердин арыздарын угуп, базар аймагына чыгып, соода жайларынын абалын өз көзү менен көрдү. Соодагерлердин айтымында, өткөн жылы алар муниципалдык базарга көчүрүлгөн, бирок шаардагы башка райондордо автозапчастар жана курулуш материалдарын саткан жайлар иштеп жатат. Бул болсо жаңы базарга келген кардарлардын санынын азайышына алып келүүдө. Ошондуктан, алар башка жайларды жабууну же аларды ушул базарга көчүрүүнү сунушташты.
Мындан тышкары, соодагерлер базарга транспорт маршруттарын көбөйтүү жана салык төлөмдөрүн убактылуу токтотуу маселелерин көтөрүштү. Акаев, көйгөйлөрдү угуп, алардын чечилиши үчүн тиешелүү органдарга, анын ичинде прокуратурага кайрылуулар жөнөтүлөрүн билдирди. Ошондой эле, транспорт маршруттарын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Эске салсак, өткөн жылы соодагерлер Көкүм бий көчөсүндөгү муниципалдык базарга үч этап менен көчүрүлгөн: биринчи этапта Калинина көчөсүнөн, андан кийин Мамырова көчөсүндөгү базардан, акыркы этапта Шейит-Дөбөдөн келген соодагерлер.