Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстанда блокчейн тармагынын өнүгүшү жаңы кесиптерге болгон суроо-талапты жаратат жана жаштардын жумуш менен камсыз болушунун булагы болушу мүмкүн. Экономист-эксперт Кубан Чороевдин айтымында, бүгүнкү күндө рынокто бир нече багыттар боюнча адистерге муктаждык бар. Техникалык жаатта смарт-контракттарды иштеп чыгуучулар (Solidity, Rust), блокчейн инженерлери, смарт-контракттардын коопсуздугу жана аудит боюнча адистер, ошондой эле on-chain маалымат аналитиктери талап кылынууда. Финансылык жана юридикалык тармакта болсо AML/KYC офицерлери, комплаенс адистери, виртуалдык активдер боюнча юристтер жана RWA токенизациясы боюнча адистер керек.
Ошондой эле, технология менен башкаруунун кесилишинде жаңы кесиптерге суроо-талап өсүүдө — токеномисттер, Web3 продуктуларынын продакт-менеджерлери жана криптосервис үчүн UX-дизайнерлер. Мындан тышкары, трейдерлер, криптообменник операторлору, колдоо адистери жана маркетологдор сыяктуу массалык кесиптердин рыногу да кеңейүүдө.
Эксперт белгилегендей, мугалимдер жана методисттердин жетишсиздиги дагы бир көйгөй болуп турат. Келечектеги 3-5 жылда адистерди даярдоого болгон суроо-талап кыйла өсүшү мүмкүн. Чороев блокчейн тармагы жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын, анткени ал глобалдык жана алыстан иштөө мүмкүнчүлүгүн берет. Бул адистерге региондордон эл аралык долбоорлордо иштеп, чет өлкөгө чыкпай эле киреше табууга шарт түзөт.
Ошол эле учурда, экспертдин пикири боюнча, бул потенциалды ишке ашыруу үчүн жогорку окуу жайларынын билим берүү программаларын адаптациялоо, кыска мөөнөттүү курстарды өнүктүрүү жана практикалык тажрыйба алуу үчүн жергиликтүү долбоорлорду түзүү зарыл. Эгер мындай чаралар көрүлбөсө, адистердин чет өлкөгө агылып кетүү коркунучу бар. Экономисттин ою боюнча, туура мамиле менен блокчейн Кыргызстан үчүн экономиканын жаңы өсүү чекити болуп, он миңдеген жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.