Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте өкмөттүн орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги астында транспорт жана байланыш министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылга пландары боюнча жумушчу жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө министр Талантбек Солтобаев ведомствонун иши, республикалык маанидеги жолдорду куруу, жол куруу үчүн бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу, ведомствону санариптештирүү жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берди.
2021-2025-жылдар аралыгында жол тармагына бөлүнгөн каражаттардын динамикасын талдоо көрсөткөндөй, транспорт жана байланыш министрлигине республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар эки эсе көбөйгөн. Ошондой эле, өлкөдө жолдорду куруу жана оңдоо көрсөткүчтөрү да жогорулады. Министрлик 2021-2025-жылдар аралыгында 3 684,2 км жолду курууну аяктады, анын ичинде 2025-жылы 1 545 км жол курулган. 2026-жылга министрликке 1 500 кмден ашык жолду куруу жана оңдоо тапшырмасы берилди.
Эрлист Акунбеков быйыл Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири эл аралык иш-чаралар пландалганын белгилеп, жол тармагындагы пландарды убагында жана сапаттуу аткарууну тапшырды. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Ош облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн жол маселелерин тез арада чечүүнүн маанилүүлүгүн эске салды. Мындан тышкары, жазгы туристтик сезонго байланыштуу жолдорду ачуу жана кеңейтүү, жээктерди тартипке келтирүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.