Москвада VIII Эл аралык музыкалык сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды

Москва шаарында 14-апрелде VIII Эл аралык профессионалдык музыкалык BraVo сыйлыгын тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул иш-чара классикалык музыка тармагында 11 өлкөнүн өкүлдөрүн бириктирип, маданий кызматташтык жана чыгармачылык алмашуу үчүн чоң майрамга айланды.

Сыйлык тапшыруу аземи жогорку деңгээлдеги концерттик программа менен коштолуп, дүйнөлүк классиканын шедеврлери жана улуттук мелодиялар аткарылды. Бул жылы 22 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды. Дүйнөгө белгилүү опера ырчылары, музыканттар жана театр топтору лауреат болуп белгиленди. Башкы сыйлыктардын ээлери катары Аида Гарифуллина, Ильдар Абдразаков жана Диляра Идрисова аталды.

“Партнер өлкөнүн классикалык аткаруучусу” номинациясында Мин Жуй (Кытай), Марван Фаги (Сауд Аравиясы), Наоми Тагг (Түштүк Африка), дирижер Артем Макаров (Беларусь), Мохамед Салех (Египет), Алихан Бейсеков (Казакстан), Рони Баррак (Ливан) жана Кыргызстандык Эльнура Муктарбек кызы лауреат болушту.

Мындай иш-чаралар маданиятты өнүктүрүүгө, элдер ортосундагы достукту бекемдөөгө жана чыгармачылык алмашууну жандандырууга чоң салым кошот. Классикалык музыка дүйнөсүндө кыргызстандык таланттардын да өз орду бар экенин көрсөтүү маанилүү.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген