Жыргаланда «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында биринчи 5 жылдыздуу мейманкана курула баштады

Жыргалан айылында биринчи 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан бул иш-аракеттер, аукциондун биринчи этабында ийгиликтүү сатылган лоттун негизинде ишке ашырылууда. Курулуш аянтчасында активдүү иштер жүрүп жатат: куруучулар мейманкананын негизин түзүү үчүн казуу иштерин башташты.

Бул долбоордун жогорку темпте ишке ашып жатканы, лоттордун сатылышынан курулушка өтүү процессинин тездигин көрсөтүп турат. Мындай мейманканалар өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга жана чет элдик туристтерди тартууга чоң салым кошот. Жергиликтүү экономикага да оң таасир этет, жаңы жумуш орундарын түзүп, айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген