ГТС электрондук декларация борборун курууга киришти

Бишкекте электрондук декларация борборунун курулушу үчүн капсула коюлду. Бул борбордун түзүлүшү Кыргыз Республикасынын бажы системасын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Борбордун ишке кириши электрондук документтерди толтурууга толук өтүүнү, адам факторунун таасирин минималдаштырууну жана бажы башкаруу процессинин бардык этаптарын санариптештирүүнү камсыздайт.

Эми сыртка соода жүргүзгөн ар бир катышуучу документтерин онлайн режиминде жеке кабинет аркылуу тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Бул долбоор «Смарт Бажы» улуттук программасынын акыркы этабы болуп, заманбап, технологиялык жана ачык бажы системасын курууга багытталган.

Бажы кызматынын тарыхында мындай ири долбоор биринчи жолу республикалык бюджеттин каражаттарын тартпастан, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» акционердик коомунун бажы кызматтарын көрсөтүүдөн алган кирешелери менен каржыланууда. Бул объект бажы кызматынын өнүгүүсүнүн символу болуп, мамлекет, коом жана бизнес ортосундагы өз ара аракеттешүүнү максималдуу түрдө жеңилдетет.

Электрондук декларация борбору бажы системасын модернизациялоонун жана санариптештирүүнүн маанилүү кадамы болуп, соода жүргүзүү процессин жеңилдетет. Бул жаңылык өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет жана бизнес чөйрөсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген