Ошто репатрианттар үчүн «Үй-бүлө күнү» өткөрүлдү

Ош шаарында “Бактылуу Балалык” долбоорунун экинчи этабынын алкагында “Үй-бүлө күнү” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты – репатриант аялдар жана балдар үчүн коопсуз, жылуу жана колдоо көрсөтүүчү чөйрөнү түзүү. Ошондой эле, үй-бүлөлүк байланыштарды бекемдөө, ишенимди калыбына келтирүү жана коомго таандык болуу сезимин жаратуу болуп саналат.

Иш-чара үй-бүлөлүк тынчтык, өз ара жардамдашуу жана зомбулукка каршы баалуулуктарды жайылтууга багытталган. Мындан тышкары, үй-бүлөлөр менен социалдык өнөктөштөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Иш-чарага Ош шаарынан келген репатриант аялдар (энелер, камкорчулар, үй-бүлөнүн башчылары) жана 7 жаштан 18 жашка чейинки репатриант балдар катышты. Программа алкагында оюндар, спорттук иш-чаралар, командалык эстафеталар, бий жана чыгармачылык блоктор, интеллектуалдык викториналар жана балдар менен ата-энелердин эмоционалдык байланыштарын бекемдөөгө жана командалык духту өнүктүрүүгө багытталган интерактивдүү тапшырмалар уюштурулду.

Мындай иш-чаралар үй-бүлөлөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого, коомдогу ынтымакты арттырууга жана репатрианттардын социалдык интеграциясын жеңилдетүүгө жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген