«Манас-Ордо» реконструкциясынын кайсы баскычында экендиги тууралуу маалымат берилди

Талас облусунда Кыргызстандын улуттук «Манас-Ордо» комплекси кайра куруу иштерине активдүү киришилди. Мындан улам, мамлекеттик «Кыргызкурулуш» ишканасы тарабынан курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Учурда административдик имараттын дубалдары, соода-рекреациялык аймак менен галерея, ырым-жырым өткөрүү үчүн имараттар, конгресс-холл жана коттедждер курулду. Проект боюнча, комплекстин аймагында административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук архитектура элементтери менен жасалган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтчалар пландалууда.

Ошондой эле, соода-рекреациялык аймак менен галерея жана 3500 орундуу маданий-коомдук иш-чаралар борбору курулат. «Манас-Ордо» комплекси 225 гектар аянтты ээлейт. Проекттин алкагында музей имаратынын аянты 450 квадрат метрден 1500 квадрат метрге чейин кеңейтилип, кыргыз маданиятынын өзгөчөлүктөрү заманбап жана улуттук стилде чагылдырылат.

Мамлекеттик мекемелердин маалыматы боюнча, бул комплекстин акыркы 30 жылда биринчи жолу ири реконструкциядан өтүп жатканы белгиленди.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген