Балыкчыда эл аралык веложарыш «Иссык-Куль Гран-при 2026» өттү – жыйынтыктар

Балыкчы шаарында 11-12-апрель күндөрү «Иссык-Куль Гран-при 2026» аттуу эл аралык веложарыш өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын физикалык маданият жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Сорундардын алкагында катышуучулар үчүн жеке убакыт жарышы жана топтук жол жарышы уюштурулду. Жарыштын катышуучулары 100 чакырым аралыкты басып өтүштү. Бул иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан 200 спортчу катышты.

Жарыштын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжалар белгиленди:

Жаштар арасында:
– 1-орун – Шахрух Маткаримов (3 саат 0 мүнөт 9.52 секунд)
– 2-орун – Кирилл Шафронов (3 саат 2 мүнөт 13.48 секунд)
– 3-орун – Мухаммад Бахтияров (3 саат 3 мүнөт 35 секунд)

Аялдар арасында:
– 1-орун – Гулхаё Сатторова (3 саат 14 мүнөт 29.02 секунд)
– 2-орун – Татьяна Панина (3 саат 14 мүнөт 3.22 секунд)
– 3-орун – Дарья Кичигина (3 саат 15 мүнөт 37 секунд)

Эркектер арасында:
– 1-орун – Камронбек Юлдашев (3 саат 0 мүнөт 2.71 секунд)
– 2-орун – Артем Шапилов (3 саат 0 мүнөт 56.80 секунд)
– 3-орун – Сардор Мухторов (3 саат 1 мүнөт 44.65 секунд)

Бул веложарыш спорттун популярдуулугун арттырып, жаштар арасында активдүүлүктү жогорулатууга чоң салым кошту. Спортчулардын ийгиликтери өлкөнүн спорттук аброюн жогорулатууга жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген