Соцфонд пенсиялар качан жана канчага жогорулаарын билдирди

2026-жылы пенсиялардын канча сомго жана кандай шарттарда жогорулаары күз мезгилинде белгилүү болот. Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Женишбек Мукамбетов бул тууралуу «Элден собол» программасында билдирди.

Анын айтымында, Социалдык фонддун негизги милдеттеринин бири жыл сайын пенсияларды жогорулатуу болуп саналат. Инфляция көрсөткүчтөрүн эске алып, мыйзамдардын нормаларына таянып, фонд бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша төлөмдөрдү индексациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

«Бюджетте пенсияларды жогорулатууга каражаттар бөлүнгөн, биз өткөн жылдагы көрсөткүчтөрдөн төмөн болбойт деп күтүп жатабыз. Бирок акыркы чечим камсыздандыруу төлөмдөрүнүн чыныгы көлөмүнө жараша болот. Учурда индексациянын так пайызын айтууга эрте. Биз биринчи жарым жылдык боюнча Салык кызматынын маалыматтарын күтүп жатабыз. Алардын негизинде Социалдык фонддун финансылык мүмкүнчүлүктөрү эсептелип, жогорулатуу параметрлери аныкталат. Пенсиялардын канча жана кандай шарттарда жогорулаары тууралуу толук маалыматты күздө беребиз», – деди Мукамбетов.

Эске салсак, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда пенсиялар жогорулатылган, камсыздандыруу бөлүгү 10% га көбөйтүлгөн, бирок минималдуу 600 сомдон кем эмес.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген