Мырзаке – Кара-Шоро жолу таштан тазартылды, коргоо иштерин жүргүзүүдө

Бишкектен 47 чакырым алыстыкта, Мырзаке – Кара-Шоро автожолунда 7-8-апрелде болгон жамгырдын натыйжасында жер көчкү жана тоо таштары кулады. Транспорт жана байланыш министрлигинен билдиришкендей, бул аймакта тез арада тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника тартылган.

Учурда жолдун селдик агымдардан корголушу үчүн жолдун деңгээлин 1,5 метрге көтөрүү жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул участок селдик кооптуулук жогору болгон аймактарга кирет. Суу агымдары күчөгөн учурда, селдер көп учурда жолду каптап, транспорттун кыймылына олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.

Жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорттун үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоо үчүн мындай иштердин мааниси чоң. Жер көчкү жана селдердин алдын алуу үчүн, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү органдар тарабынан үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, алдын алуу чаралары кабыл алынууда.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген