Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Ал бирдиктүү салык системасынын киргизилиши курулушчулардын ишин жеңилдетип, салыкты башкарууну оңойлоторун айтты.
Курулуш секторунун өкүлдөрү болсо, бирдиктүү салыкка өтүү менен салык ставкасынын 10% га чейин жогорулашы мүмкүн экендиги боюнча тынчсызданууларын билдиришти. Шыкмаматов ишкерлерге тарифтердин жогорулабай тургандыгын айтып, бизнес коомчулугун бул боюнча тынчсызданбоого чакырды.
Учурда Мамлекеттик салык кызматы менен курулуш тармагынын өкүлдөрүнүн ортосунда салык маселелери боюнча талкуулар улантылууда. Бул талкууларда салык салуу боюнча актуалдуу маселелер тереңирээк каралууда. Курулуш тармагы үчүн салык системасын жөнөкөйлөтүү, ишкерлердин жүгүн жеңилдетүү жана экономиканы өнүктүрүү максатында бул кадамдар маанилүү болуп саналат.