Эскертүү, кар көчкү! Транспорт министрлиги тоолуу жолдордо кооптуулук тууралуу билдирет

Кыргызстандын тоолуу аймактарында 9-14-апрель аралыгында кар көчкү жана бороондуулук коркунучу бар. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.

Коркунучтуу аймактардын катарына төмөнкү жол тилкелери кирет: Бишкек – Ош унаа жолунун 120-140 км аралыгы (Тоо-Ашуу ашуусу); Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14 км аралыгы (Отмок ашуусу); Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 км аралыгы (Долон ашуусу); Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 км аралыгы (Соок ашуусу).

Кырсыктардын алдын алуу жана унаа кыймылын үзгүлтүксүз камсыздоо максатында министрликтин карамагындагы жол куруу мекемелери тиешелүү даярдык иштерин жүргүзүп, атайын техникаларды тарткан. Ошондой эле, унаа жолдорун иштетүү үчүн жетиштүү көлөмдө кум-туз аралашмасын даярдоо иштери жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, тоолуу аймактарда кар көчкү жана бороон коркунучтары жыш кездешет, андыктан жарандарга унаа менен сапарга чыгууда этият болуу сунушталат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген