Энильчек айылында бала бакча ачылды

Энильчек айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул бакча Кыдыр-Акен айылдык аймагында жайгашкан жана 8-апрелде ишке кирди. Бала бакчанын имараты толук реконструкциядан өтүп, заманбап шарттар менен камсыздалган.

Жаңы бала бакчанын курулушу райондук өнүктүрүү фондунун, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана коомдорду өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен финансирленген.

Ошондой эле, иш сапарынын алкагында айылдын башка социалдык объектилеринин абалы текшерилди. Бул иш-чаралар айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Бала бакчалардын ачылышы, жаш муундун билим алуусуна жана тарбиялануусуна чоң салым кошот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген