Билим берүү министрлигинде аутизм менен ооруган балдардын сапаттуу билим алуусу боюнча маселелер талкууланды

Бишкекте 8-апрелде КРнын Билим берүү министрлигинде аутизм спектринин бузулуулары бар балдардын сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча жыйын өттү. Жыйынга министрдин орун басары Надира Джусупбекова жетекчилик кылды.

Бул жыйынга ата-энелер, коомдук ишмерлер жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аталган жыйында аутизм менен жабыркаган балдардын билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгү, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, психологиялык-педагогикалык колдоо көрсөтүүнү күчөтүү жана педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Ата-энелер учурдагы кыйынчылыктарды белгилеп, атайын билим берүү муктаждыктары бар балдарды колдоо системасын жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти. Жыйындын жүрүшүндө жеке жакындоо, жалпы билим берүү мектептеринде ресурс класстарын ачуу практикасын кеңейтүү жана инклюзивдик билим берүү тармагында ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Надира Джусупбекова инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ата-энелер жана эксперттер менен конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирди. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар аутизм спектринин бузулуулары бар балдардын билим алуу шарттарын жакшыртуу жана Кыргызстанда инклюзивдик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерин улантууга макулдашышты.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген