Торобаев: Кыргызстанда 200 инвестиция долбоору 2030-жылга чейин экономика өсүшүнүн кыймылдаткычы болот

Кыргызстанда мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча 200 инвестициялык долбоор тандалып алынат. Бул долбоорлор 2030-жылга чейин экономиканын өсүшүнө түрткү берүүчү маанилүү факторлордун бири болуп калат. Бул тууралуу президенттин атайын өкүлү Бакыт Торобаев билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени ишке ашыруудагы негизги максат – аймактарга сапаттуу бизнес-план даярдоодо жардам берүү. Себеби, райондордо ири инвестициялык документтерди даярдоодо тажрыйба жетишпей жатат. “Биз энергетика, туризм, кен казуу өнөр жайы жана өндүрүш сыяктуу негизги тармактарда 200 ири долбоорду чогултуп жатабыз. Алардын ар бирин терең талдап, даярдап, потенциалдуу инвесторлорго сунуштайбыз. Ошондой эле, Кыргызстанда иш алып барган эл аралык донорлор арасында бул долбоорлорду жайылтууну пландап жатабыз”, – деди Торобаев.

Ал ошондой эле президенттин жарлыгы менен 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасы бекитилгенин эске салды. Программада төрт негизги багыт белгиленген: индустриализация, Кыргызстанды регионалдык хаб катары өнүктүрүү, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика.

“Бул ири долбоорлорду ишке ашыруу 2030-жылга чейин ички дүң продукциянын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Биздин алдыбызда амбициялуу максат турат – дүйнөдөгү 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кирүү. Биз ишенебиз, ири улуттук долбоорлор Кыргызстан экономикасынын күчтүү локомотиву болот”, – деп белгиледи ал.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген