ШОСтун 25 жылдыгына арналган студенттер арасында мыкты макала үчүн конкурс жарыяланды

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына арналган макала жазуу конкурсу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги маалымдады. Конкурстун максаты – жаштар арасында ШОС тууралуу илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү.

Студенттер жана магистранттар кытай, орус же англис тилдеринде монографиялык макала жазып, катыша алышат. Конкурстун темасы – «ШОСтун 25 жылдыгы: туруктуу келечек үчүн өнөктөштүк». Конкурска катышуучулар макалаларынын темасын өздөрү тандай алышат.

Конкурсту өткөрүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн, ал ШОСтун Секретариатынын кызматкерлеринен куралат. Комиссиянын милдети – макалаларды карап чыгып, ар бир ШОС мүчө мамлекетинен бир жеңүүчүнү аныктоо. Жеңүүчүлөр ШОСтун Башкы катчысы тарабынан ыйгарылган ардак грамоталары менен сыйланат.

Конкурска катышуу үчүн анкета жана арыз толтурулушу керек. Макала, анкета, сүрөт жана арыз электрондук почта аркылуу sco25@sectsco.org дарегине жөнөтүлүшү зарыл. Жазылган макалалар 2026-жылдын 20-майына чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөр 2026-жылдын 15-июнунда, ШОСтун күнү жарыяланат.

Конкурска байланыштуу документтердин үлгүлөрү атайын сайтта жайгаштырылган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген