Психолог Карлыгаш Акимкулова: Баланын психикалык ден соолугундагы көйгөйлөрдү кантип аныктоого болот

Балдар жана өспүрүмдөрдүн психикалык ден соолугу – алардын толук өнүгүшүнүн маанилүү аспекти. Ата-энелерге баланын эмоционалдык абалын колдоо, үй-бүлө жана коомдун ролу тууралуу психолог жана психотерапевт, “Психоанализ” психотерапия борборунун директору Карлыгаш Акимкулова айтып берди.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык ден соолугу деген эмне? Бул түшүнүк баланын жаш курагына жараша өзгөрөт. 5-6 жаштан жогору балдар жана өспүрүмдөр үчүн эмоционалдык өнүгүү негизги орунду ээлейт. Эмоционалдык интеллект – бул баланын кубануу, күлүү, ыйлоо, ачуулануу сыяктуу ар кандай эмоцияларын эркин билдирүү жөндөмдүүлүгү. Ошондой эле, билим алуу жөндөмдүүлүгү да маанилүү, бул баланын мектепте же бала бакчада сабактарда убакытты туура пайдалануу жана тапшырмаларды аткаруу жөндөмүн камтыйт.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн достор, мугалимдер жана чоң адамдар менен мамиле куруу жөндөмү да маанилүү. Алар коммуникациянын эрежелерин билиши, командада ойноону үйрөнүшү керек. Бала өзүн башка балдардай сезиши, бул тууралуу жеңил мамиле кылышы маанилүү.

Эмне үчүн балдардын психикалык абалына эрте көңүл буруу керек? Психикалык жактан ден соо бала үчүн коопсуздук жана туруктуулук маанилүү. Ата-энелердин же бир ата-эненин болушу, тынчтык, стресстен алыс болуу – булардын бардыгы балага ички туруктуулукту камсыз кылат. Бала өзүн өзгөчө инсан катары сезиши, анын эмоциялары, ойлору жана каалоолору менен кызыгуу маанилүү. Бул балага ички күч берет, кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет.

Балдардын психикалык ден соолугу чоңдордон эмнеси менен айырмаланат? Бала психикасы дагы өнүгүп жатат, ал 22-24 жашка чейин толук калыптанат. Бала эмоционалдык жактан туруктуу эмес, ал эмоцияларын чоңдор сыяктуу көзөмөлдөй албайт. Мисалы, мектепте бала мугалимдин маанайына, чөйрөгө көз каранды. Эгер өспүрүм жаман чөйрөгө туш болсо, бул анын психикалык абалына терс таасир этет.

Семья бала үчүн туруктуу психиканы калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. Тынч, каржылык жактан туруктуу үй-бүлөдө бала стресстен алыс болуп, жакшы үлгүлөрдү көрүп, аларды өз жашоосунда колдонууга үйрөнөт. Эгер үйдө уруш, зордук-зомбулук болсо, бала да ушундай мамилелерди үйрөнөт.

Күн тартиби, уктоо жана тамактануу психикалык абалга түздөн-түз таасир этет. Сапаттуу уктоо жана туура тамактануу бала үчүн маанилүү. Эгер бала эртең менен тамактанса, мектепте ачка болбой, сабакка жакшы көңүл бурат. Уктоо – бул психикалык ден соолук үчүн негизги компонент. Уктоодо бала физикалык гана эмес, психикалык жактан да эс алат.

Эгер балада жүрүм-турум өзгөрсө, ата-энелер тынчсыздануусу керек. Эгер бала мурда тынч болсо, бирок азыр тынчсызданса, же мурда күлүп жүрсө, азыр ыйласа, бул анын ички кыйынчылыктары бар экенин билдириши мүмкүн. Бала өз көйгөйлөрүн ата-энесине айта албай, башкача көрүнүштөр менен, мисалы, мектепке баруудан баш тартуу же ооруп калуу менен билдириши мүмкүн.

Өспүрүмдөрдүн жаш курагында ата-энелердин көңүлү көбүрөөк болушу керек. Бул убакта өспүрүмдөр өздөрүн издеп, жаңы ролдорду сынап көрүшөт. Алардын эмоциялары өзгөрмөлүү, бул алардын психикасындагы өзгөрүүлөрдү көрсөтөт. Ата-энелер сөздөрүн туура тандап, өспүрүмдүн сезимдерин жарадар кылбоо үчүн этият болушу керек.

Коом психикалык ден соолук көйгөйлөрү менен күрөшүүдө маанилүү роль ойнойт. Психиатрларга жана психологдорго болгон терс көз караштар адамдардын адистерге кайрылуусун кыйындатат. Коом психологиялык жардамды кабыл алууну жеңилдетиши керек, анткени психикалык ден соолук физикалык ден соолук сыяктуу эле маанилүү.

Балдардын психикалык ден соолугун колдоо үчүн адистердин саны көбөйүшү керек. Ошондой эле, коомдук пикирди өзгөртүү, адамдарды түшүнүү жана колдоо маанилүү. Психикалык жактан ден соо коом – бул бардык адамдар үчүн пайдалуу жана туруктуу чөйрө.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген