Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Республикандык психикалык ден соолук борборунун психиатр дарыгери Алтынай Сыдыкбекова коомдогу психикалык ден соолук абалы, агрессиянын өсүшүнүн себептери жана психикалык ооруларды дарылоонун заманбап ыкмалары тууралуу маалымат берди.
Учурда Республикандык психиатрия жана наркология борборунда 52 107 адам психикалык оорулардын каттоосунда турат. Алардын ичинен 21 497 аял, 30 610 эркек, 2 371 өспүрүм жана 6 311 бала бар. Соңку жылдары психикалык оорулардын саны статистикалык жактан өсүп жаткан жок. Бирок, невроз менен биринчи жолу кайрылгандар көбөйдү. Бул, балким, коомдун психиатрга кайрылууга болгон ачык мамилеси менен байланыштуу. Адамдар психиатрга баруудан коркпой, эркин консультация алышууда.
Алтынай Сыдыкбекова агрессиянын өсүшүн негизинен экономикалык, саясий жана социалдык терс факторлор менен байланыштырат. Бул көрүнүш жалгыз бир өлкөдө эмес, дүйнө жүзүндө байкалууда. Ошондой эле, адамдардын жеке жашоосундагы кыйынчылыктар, жумушсуздук, жакындарын жоготуу жана башка оор кырдаалдар да агрессияга алып келиши мүмкүн.
Информациондук технологиялар доорунда жашап жатабыз, жана маалыматтын кандайча берилгени да маанилүү. Соңку убакта терс маалыматтар көп, ал эми оң маалыматтар аз. Коом, жандуу организмдей, буларга реакция кылат, адамдар хроникалык стресстин абалында жашашууда. Мындан тышкары, интернетте бардык нерсе жеткиликтүү, ал эми үй-бүлө жана мамлекет тарабынан көзөмөл азайып жатат. Коллективизм жана бири-бирине жардам берүү сезими жоголууда. Биз материалдык баалуулуктарды көтөрүп, руханий баалуулуктарды экинчи планга жылдырып жатабыз.
Психикалык оорулардын мурас катары өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Шизофрения, психоздор, биполярдык бузулуулары, аутизм, эпилепсия, деменция жана Альцгеймер оорусу мурасталган ооруларга кирет. Эгер туугандар арасында мындай оорулар болсо, кийинки муунда да пайда болуу мүмкүнчүлүгү жогору.
Коомдо психикалык ден соолук маселелерин чечүү үчүн, биринчи кезекте, психикалык ооруларга болгон стигманы жоюу керек. Психиатрларга же медициналык каттоого коркпош керек. Психикалык оорулар башка оорулар сыяктуу эле. Моральдык-этикалык баалуулуктарды жогорулатуу, бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылуу, чыдамкайлыкты жана колдоону өнүктүрүү маанилүү. Мектептерде буллинг көйгөйү кеңири таралган, ал эми уялчаак балдар көп учурда четтетилет. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу жана чечүү зарыл.
Психиатриялык ооруканалардагы шарттар орточо канааттандырарлык. Республикандык психикалык ден соолук борборунда акыркы убакта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бирок, реабилитациялык борборлордун жетишсиздиги байкалууда. Пациенттердин үйдөн чыккандан кийин реабилитациядан өтүшү маанилүү.
“Весеннее обострение” деген түшүнүк илимий термин эмес, бирок кээде жаз мезгилинде адамдардын абалы начарлайт. Бул организмдин кыштан кийин алсырап, күндүн узактыгынын өзгөрүшү менен байланыштуу. Стресс туруктуулугу жана мурас да маанилүү роль ойнойт.
Алтынай Сыдыкбекова психикалык ден соолук адамдын жана коомдун бакубаттуулугунун маанилүү бөлүгү экенин белгиледи. Мамлекет, үй-бүлө жана ар бир адамдын биргелешкен аракеттери агрессияны азайтууга, стигманы жеңүүгө жана ден соолукка колдоо көрсөтүүчү чөйрөнү түзүүгө жардам берет.