Ноокендин биринчи клубникасы. Фермер «Клери» сортунун түшүмүн жыйноону баштады

Ноокен районунда клубника бышып, сатууга чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ноокен районундагы Эргеш Алиев айыл аймагында жергиликтүү фермер 2025-жылдын 23-сентябрында «Клери» сортундагы 74 миң клубника көчөтүн 1,40 гектар жерге отургузган. Суу үнөмдөө максатында, ал тамчы менен сугаруу системасын колдонгон. Фермер клубниканы жыйноого айылдаштарын тартууда, бул болсо жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын камсыз кылууда.

Ошондой эле Ноокен районунда жазгы талаа иштеринин активдүү жүрүп жатканы белгиленди. Ички арыктар жана каналдар тазаланып, сугаруу мезгилине даярдык көрүлүүдө. Бул иштер айыл чарба өндүрүшүн жогорулатууга жана жергиликтүү экономикага оң таасирин тийгизүүгө багытталган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген