Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 7-апрелде Экономика жана соода министрлигинде Беназир Нурланова Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Борбордук Азия жана Кавказ боюнча бөлүмүнүн улук орун басары Сонояма Юка менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн натыйжаларын талкуулап, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсү үчүн жаңы багыттарды белгилешти.
Тараптар “Бир айыл – бир продукт” долбооруна өзгөчө көңүл бөлүштү. Бул долбоор эл аралык кызматташтыктын натыйжалуу үлгүсү болуп, Борбордук Азия жана Кавказдагы башка өлкөлөрдө да таанылып, жайылууда. Инициативанын ишке ашырылышы экологиялык таза продукцияны өндүрүүгө мүмкүндүк берип, аймактардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Нурланова учурда өлкө боюнча долбоорго 3500 катышуучу тартылганын, 107 бренддик продукция өндүрүүчү цехтин иштеп жатканын белгиледи. Долбоордун алкагында 2774 товар түрү иштелип чыгып, Япония, Кытай, Корея, АКШ, Германия, БАЭ жана башка өлкөлөрдүн рынокторуна жеткирилүүдө.
“Бир айыл – бир продукт” долбоору негизинен аймактарда жана айыл жергесинде ишке ашырылып, жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү калктын кирешелерин жогорулатууга жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет. Жолугушууда Нурланова 2025-жылы кабыл алынган Кыргызстандын 2030-жылга чейинки орто мөөнөттүү Улуттук өнүктүрүү программасы тууралуу да маалымат берди. Программанын негизинде төрт негизги багыт белгиленген: өнөр жайды өнүктүрүү, Кыргызстандын логистика, соода жана финансылык борбор катары өнүгүшү, айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле жашыл энергетиканы өнүктүрүү.
Ошондой эле, чакан жана орто бизнеске (ЧОБ) колдоо көрсөтүү маселелерине да көңүл бурулду. Министрдин орун басары бизнеске нефинансылык колдоо чараларынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул багытта отандык өндүрүүчүлөр үчүн жапон компаниялары менен тажрыйба алмашууну уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Бул демилге Кыргызско-Японский адам ресурстарын өнүктүрүү борбору аркылуу ишке ашырылат, бул кыргызстандык ишкерлерге жапон технологияларын жана заманбап сапат башкаруу стандарттарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, тараптар JICAнын учурдагы долбоорлорун жаңы улуттук өнүктүрүү приоритеттерине ылайыкташтырууга даяр экенин билдиришти, анын ичинде жергиликтүү адистердин потенциалын жогорулатуу үчүн регионалдык деңгээлде окутуу тренингдерин өткөрүү.