Манас шаарындагы «Ак-Тилек» жашоочулар массивинде 375 орундуу мектеп курулат

Манас шаарындагы «Ак-Тилек» жашоочулар массивинде 375 окуучуга ылайыкташкан заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Жаңы билим берүү мекемесинин жалпы аянты 4200 чарчы метрди түзөт. Мектеп төрт окуу блогуна бөлүнгөн. Курулуш иштеринин бардык этаптары Жилищно-граждандык курулуш департаменти тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда.

Бул заманбап билим берүү мекемеси окуу класстарынан тышкары, лабораториялар, китепкана, компьютер классы, ашкана, медициналык кабинет, устаканалар, ошондой эле актовый жана спорт залдарын камтыйт. Учурда курулушта 60тан ашык жумушчу иштеп, экинчи кабаттын темир каркасын орнотууда.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, Манас шаарында дагы беш жалпы билим берүү мекемеси курулууда. Бул долбоорлор билим берүү системасын жакшыртууга жана жаш муундарга сапаттуу билим берүүгө багытталган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген