Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук комплексинин курулушу жана реконструкциясы боюнча иштер текшерилди. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев курулуштун сапатына көңүл бурууну жана иштерди тездетүүнү тапшырды.
«Манас Ордо» комплекси 225 гектар аянтты ээлейт. Жаңы долбоордун алкагында музейдин аянты 450 квадрат метрден 1500 квадрат метрге чейин кеңейтилип, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган заманбап маданий борборго айланат.
Долбоор аяктагандан кийин «Манас Ордо» Борбордук Азиядагы уникалдуу маданий объект болуп, күнүнө 10 миңден ашык конокту кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоорго административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, салтанаттуу иш-чаралар үчүн аянтчалар, 3500 орундуу маданий борбор жана соода-ойноо галереясы кирет.
Бул комплекс акыркы 30 жылда биринчи жолу масштабдуу реконструкциядан өтүп жатат. Долбоорду ишке ашыруу 200дөн ашык жаңы жумуш ордун түзүүгө жана региондогу туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошот.