Кыргызстан туруктуу жана конфликттерди дипломатия аркылуу жөнгө салууга тарапкер

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Таяккы Шаркыядагы тынчтык келишимин кубаттады. Ведомствонун билдирүүсүндө, бардык талаш-тартыштарды саясий-дипломатиялык жол менен, Бириккен Улуттар Уюмунун уставына жана эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларына негизделип чечүүгө чакырылганы белгиленди. Кыргыз Республикасы бул аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүт артып жатат.

Жарандык жана саясий ишмер Зайнидин Курмановдун айтымында, Кыргызстан үчүн Таяккы Шаркыянын тынч жана туруктуу болушу маанилүү, анткени бул жерде республика достук мамиледе болгон жана экономикалык кызыкчылыктары бар көптөгөн мамлекеттер бар. “Таяккы Шаркыя — бул картадагы жай эмес, финансылык донор, дүйнөлүк океанга альтернативдүү чыгуу. Кыргызстан Перс булуңу жана Араб дүйнөсү менен прагматикалык жана ишкердик мамилелерди түзүп, кармап келет. Бул биздин өнөктөштөр, алар кыйын геополитикалык лабиринтке туш болушту. Таяккы Шаркыяда туруктуу тынчтык орнотула турган болсо, глобалдык экономика да мунай продуктуларынын баасынын кескин көтөрүлүшүнөн улам пайда болгон туруксуздуктан чыгат. Ошондуктан, деэскалацияга жасалган ар бир кадам экономикалык өсүшкө жана тынчтыкка, анын ичинде биздин республикабыздын ичинде да, түздөн-түз таасир этет”, – деди Зайнидин Курманов.

Кыргызстан эл аралык аренада туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн саясий-дипломатиялык жолдорду колдонууну улантууда.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген