Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкек шаарында 7-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын делегациясы ортосунда жолугушуу болду. Жолугушуунун негизги максаты – Кыргыз Республикасындагы мурдагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин учурдагы абалын талкуулоо жана келечектеги кызматташуу багыттарын карап чыгуу.
«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу жетишкендиктерге жетишкенин жана 2025-жылы уран өндүрүүчү ишканалардын таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо боюнча мамлекеттик аралык максаттуу программаны ийгиликтүү аяктаганын белгилешти.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө да көңүл бурулду. Кыргыз тарап биргелешкен иштин жогорку натыйжалуулугун жана экологиялык, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуудагы стратегикалык маанисин баса белгиледи.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев «Росатом» мамлекеттик корпорациясына көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Ал радиациялык коопсуздукту жогорулатуу боюнча көп жылдык жана жемиштүү кызматташтыкты белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жана кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.