КРда транспорттук көзөмөлдөн түшкөн каражат үч айда 69 миллион сомдон ашты

Бишкекте 2026-жылдын биринчи үч айында Транспорт департаменти жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталуусун 189 396 унаада текшерди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча транспорт мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 2 609 протокол түзүлүп, 3 562 500 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды.

Анын ичинде, белгиленген салмак жана өлчөм нормаларын бузгандыгы үчүн 998 протокол түзүлүп, 17 465 000 сом айып пул салынды. Эл аралык жүк ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн болсо 143 протокол түзүлүп, 2 860 000 сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, салмак жана өлчөм өлчөө үчүн алынган жыйымдар 2 557 635 сомду, бөлүнбөс чоң жүк ташууга берилген атайын уруксаттардан 36 791 392 сомду, көп жолу колдонулуучу атайын уруксаттардан 1 114 281 сомду түздү. Жалпы алганда, транспорттук контролдун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 69 313 151 сом түшкөн.

Транспорт департаменти 21 транспорттук контролдоо пунктунда (ТКП) салмак жана өлчөм контролун жүргүзүп жатканын белгилеп өтүү керек. Бул чаралар жүк ташуунун коопсуздугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга багытталган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген