Францияда поезд аскердик жүк унаасы менен кагышты. Бир киши каза болуп, жабыркагандар бар

Франциянын түндүк бөлүгүндө жогорку ылдамдыктагы поезд аскердик жүк унаасы менен кагышып, машинист каза болуп, 27 жүргүнчү жаракат алды. Окуя Бюлли-ле-Мин айылындагы темир жол өтмөгүндө орун алды. Күчтүү соккудан улам поезддин алдыңкы вагоны рельстен чыгып кетти. Поездде жалпы 246 адам болгон. Жаракат алган жүргүнчүлөрдүн абалы ар кандай, кээ бирлери оор жаракат алышкан. Окуя болгон жерде тез жардам кызматтары иштеп жатат. Кырсык болгон аймакта транспорттун кыймылы күндүн аягына чейин токтотулду. Окуянын себептери азырынча такталып жатат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген