Депутат мугалимдерге карата зомбулук жана сыйсыздык үчүн жазага катуураак мамиле кылууну сунуштады

Бишкек шаарында Жогорку Кенештин депутаты Илимбек Кубанычбеков мугалимдерге карата зомбулук учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу өз оюн билдирди. Ал зомбулук жана басымдын келип чыгышы окуучулардан гана эмес, ата-энелерден да болорун белгиледи.

Кубанычбековдун айтымында, окуучулар мугалимдерге болгон сый-урматын жоготуп, аларды кемсинткен видеолорду тартып, интернетке жайгаштырууда. Бул маселени ал тарбия маселеси катары гана эмес, мамлекеттин негиздерине залакасын тийгизүүчү фактор катары караш керек. Эгерде коом мугалимдерди сыйлабаса, өлкөнүн келечеги коркунучта болот. Мугалимдер көп учурда моралдык басымга дуушар болушат. Ошондуктан, мамлекет деңгээлинде мугалимдерди сыйлоону камсыз кылышыбыз керек.

Депутат ошондой эле жаштардын мындай көрүнүштү көрүп, мугалимдик кесипти тандашууда тартынуу жаралып жатканын белгиледи. Расмий статистикага ылайык, өлкөдө 947 предметтик мугалим жетишпейт. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Кореяда, Финляндияда жана Японияда мугалимдердин статустары жогору, Японияда аларды император менен салыштырат.

Мугалимдердин коомдогу орду жана ролу абдан маанилүү, андыктан алардын сый-урматына көңүл буруу зарыл.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген