Ч. Айтматов атындагы драма театры Кирилл Лавровдун сыйлыгына ээ болду

Кыргызстандын белгилүү театрларынын жетекчилери XXVIII эл аралык орус театрларынын “Россиядагы жолугушуулар” фестивалына катышууда. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады. Делегациянын курамында Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Сергей Бардаков, Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын директору Акылбек Алыбаев, К. Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драматургия театрынын директору Таалайбек Тургунов, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев, ошондой эле А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын директору Жолдошбек Аманкулов жана анын көркөм жетекчиси Айгуль Умуралиева бар.

VII эл аралык “Чет өлкөдөгү орус театры орус маданиятынын институту катары” конференциясынын жүрүшүндө Ч. Айтматов атындагы орус драма театры Кирилл Лавров атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле, Б. Кыдыкеева атындагы ТЮЗдун директору Акылбек Алыбаев жана К. Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драматургия театрынын директору Таалайбек Тургунов чет өлкөдөгү орус театрларынын ишмерлеринин Ассоциациясына расмий түрдө кабыл алынды.

Бул иш-чаралар Кыргызстандын театр искусствосунун эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө жана маданий кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошот. Театрлардын катышуусу, алардын чыгармачылыгын жана маданий мурасын дүйнөгө таанытууга жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген