Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте коомдук транспортто чөнтөк уурулукка адистешкен шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө В.Ч. аттуу жаран кайрылып, 2026-жылдын 24-мартында №51 коомдук транспортто белгисиз адамдар анын 40 000 сомдук «iPhone 12 Pro Max» мобилдик телефонун уурдап кеткенин маалымдаган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уруу) боюнча кылмыш иши козголду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнү аныктап, кармашкан. Ал 1985-жылы туулган С.Г. аттуу, мурда соттолгон жаран болуп чыкты. Шектүү чөнтөк уурулукка адистешкендердин катарында турат.
Ал Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилген жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда анын башка окшош кылмыштарга катыштыгы аныкталууда.
Кылмыш ишинин алкагында шектүү милиция кызматкерлерине уурулук жолу менен алынган 5 мобилдик телефонду өз ыктыяры менен тапшырган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук жайларда, айрыкча коомдук транспортто сак болууга чакырат. Баалуу буюмдарды көзөмөлсүз калтырбоо, мобилдик телефондорду жана акчаларды коопсуз жерлерде сактоо, көпчүлүк жыйындарда аларды көрсөтүүдөн качуу сунушталат. Эгер сиз кылмыштын курмандыгы же күбөсү болсоңуз, дароо ички иштер органдарына же «102» телефонуна кайрылыңыз.