Бишкекте Дүйнөлүк ден соолук күнүн илимий-практикалык конференция менен белгилешти

Бишкекте Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бүгүн “Саламаттык үчүн бирге. Илими менен бирге” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул иш-чара Дүйнөлүк саламаттык күнү менен байланыштуу уюштурулган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, конференцияга мамлекеттик бийлик органдарынын, Жогорку Кеңештин, эл аралык уюмдардын, илимий жана медициналык коомчулуктун, ошондой эле билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин орун басары Эдиль Байсалов Дүйнөлүк саламаттык күнүнүн темасы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын чагылдырат деп белгиледи. Ал саламаттык маселелери калктын жашоо сапаты, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү жана улуттук коопсуздук менен тыгыз байланышта экенин айтты.

“Илимий билимдерди мүмкүн болушунча тезирээк практикалык чечимдерге, алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо жана медициналык жардамды уюштурууну жакшыртууга заманбап ыкмаларды иштеп чыгууга айландыруу абдан маанилүү. Мамлекетке бүгүнкү күндө жөн гана идеялар эмес, адамдардын саламаттыгын жакшыртууга реалдуу натыйжа берчү механизмдер керек”, – деди Байсалов.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова мамлекеттин, илимдин жана практикалык саламаттык сактоонун күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Өлкөдөгү саламаттык сактоо системасын модернизациялоого багытталган реформалар системалуу түрдө ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, алдын алуучу медицинага, тармакты цифрлаштырууга, кадрдык потенциалды бекемдөөгө жана инновациялык технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул процесстерде медициналык илимдин маанилүү ролу бар”, – деп белгиледи Ишенапысова.

Конференциянын илимий бөлүгү саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоону камтыды. Алдын алуу, эрте диагноз коюу жана илимий негизделген ыкмаларды практикалык саламаттык сактоого киргизүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген