Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» стадионундагы курулуш иштеринин 90%ы аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, бул объект Борбордук Азиядагы эң ири стадиондордун бири болуп саналат. Мындай масштабдагы спорттук комплекстин эксплуатациясы жана тейлөөсү үчүн чоң финансылык чыгымдар талап кылынат.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен стадиондун аймагында заманбап «Bishkek Arena Mall» соода борбору курулууда. Бул долбоор стадиондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө гана эмес, ошондой эле анын келечектеги туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган. Соода борборунан түшкөн каражаттар «Бишкек Арена» стадионунун тейлөөсүнө, кызмат көрсөтүүсүнө жана инфраструктурасын жакшыртууга гана жумшалат. Бул стадионду өз алдынча жана туруктуу иштетүүгө мүмкүндүк берет, мамлекеттик бюджетке кошумча жүк салбайт.
Туманбаевдин белгилөөсү боюнча, «Bishkek Arena Mall» соода борборунун негизги артыкчылыктарынын бири – анын ыңгайлуу жайгашуусу жана логистикасы. Бишкектеги көптөгөн соода борборлорундагы паркингдин жетишсиздиги көйгөйү эске алынып, бул долбоордо кең жана ыңгайлуу паркинг орундарын жетиштүү көлөмдө камсыздоо каралган. Бул, өз кезегинде, келүүчүлөр жана ижарачылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.