Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Баткен облусунда жыл башынан бери 44,5 чакырым чек ара участкалары тосулду. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгүндө маалымдашты. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районунда мамлекеттик чек араны инженердик тосуу иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.
Учурда Сары-Таш аймагында, Самаркандек айылында жана Ак-Арык айылында да темир тосмолорду орнотуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Облустун жетекчиси жергиликтүү жетекчилерге демаркация процессине бардык жагынан жардам көрсөтүүнү тапшырды. Мындан тышкары, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана чек ара участкаларын курулуштардан жана өсүмдүктөрдөн тазалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
2023-жылдын 1-мартынан баштап жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Лейлек районунда 26,08 чакырым, Баткен районунда 18,5 чакырым тосмолор орнотулду. Жыл башынан бери жалпы орнотулган тосмолордун узундугу 44,58 чакырымга жетти.
2025-жылы инженердик иштер 150 чакырымдан ашык участкта жүргүзүлгөн. 2026-жылга планда 200 чакырым чек араны тосуу (Лейлек районунда 135 чакырым жана Баткен районунда 65 чакырым) ишке ашыруу каралган.
Чек араны бекемдөө жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан бул иштер өлкөнүн туруктуулугун жана элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.