Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте, Чүй жана Талас облустарындагы «Ак-Тилек» жана «Чон-Капка» өткөрмө пункттарында кызмат өтөп жаткан инспекторлорго атайын кийимге орнотулган видеокамералар берилди. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, бул демилге транспорттук контролдун процессин толук санариптештирүүгө багытталган.
Камералар инспекторлордун иш убактысындагы видеотасмаларын үзгүлтүксүз жазып турат. Алардын айдоочулар менен болгон өз ара аракеттери жана текшерүү процессинин бардык этаптары да жазылып алынат. Жазылган маалыматтар онлайн режиминде борбордук серверге жөнөтүлүп, көзөмөлдө болот.
Мындан тышкары, талаштуу жагдайлар пайда болгондо, видеотасмалар объективдүү далил катары колдонулушу мүмкүн, бул болсо жарандардын укуктарын коргоого жардам берет. Бул технологиянын киргизилиши, транспорттук контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.