Темир Сариев: Суу энергетикасы – бул экономикалык өсүүнүн кыймылдаткычы

Гидроэнергетика – бул туруктуу жана таза энергиянын булагы гана эмес, ошондой эле экономикалык өсүүнүн, технологиялык прогресстин жана туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткычы. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев «Гидроэнергетика – Борбордук Азия жана Каспий» эл аралык конгрессинде билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнө климаттык өзгөрүүлөр жана энергетикалык коопсуздук сыяктуу чакырыктарга туш болуп жатканда, суу ресурстары жана гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрдүн мааниси дагы да артат.

Соода-өнөр жай палатасы өлкөдөгү бизнес-инициативаларды колдоо жана илгерилетүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп жатат. Атап айтканда, энергетика тармагында стратегиялык мааниге ээ болгон секторлорго көңүл бурулууда. Темир Сариев Кыргызстанда энергетика секторунда бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттар бар экенин белгиледи.

Депутаттар, мамлекеттик органдар жана бизнес коомчулугу менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлүп, натыйжада энергетика тармагына салык жана бажы жеңилдиктерин берүү боюнча сунуштардын көпчүлүгү ишке ашырылган. Бул иш-аракеттер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Гидроэнергетика – бул биздин өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү тармак, андыктан анын өнүгүшүнө көңүл буруу зарыл.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген