Кыргызстан Россиянын заводдорунан энергия жабдууларын түздөн-түз сатып алат

Кыргызстан менен Россия энергетикалык жабдууларды түздөн-түз жеткирүү боюнча келишимге келишти. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев «Гидроэнергетика: Борбордук Азия жана Каспий» эл аралык конгрессинде билдирди.

Министрдин айтымында, келишим эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосунда түзүлгөн жана өндүрүүчүлөр менен түз байланыштарды орнотууга багытталган. Бул келишим аркылуу жеткирүү чынжырынан ортомчу структураларды алып салуу мүмкүнчүлүгү пайда болот, бул болсо продукциянын баасын төмөндөтүүгө жардам берет.

Ибраев ошондой эле, жергиликтүү энергетикалык компаниялар түздөн-түз заводдор менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алышарын белгиледи. Бул ыкма бааларды бекитүүгө, жабдуулардын сапатын көзөмөлдөөгө жана жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууга шарт түзөт.

Министр Кыргызстанда электр энергиясын өчүрбөстөн, оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча жаңы практиканы киргизүү пландары тууралуу да айтты. Бул үчүн Татарстандагы энергетикалык компания менен келишим түзүлгөн жана адистер тиешелүү даярдықтан өтүшкөн.

Жаңы технология пландуу жана авариялык иштерди электр энергиясын өчүрбөстөн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул социалдык объектилер үчүн өтө маанилүү, анткени электр энергиясынын өчүрүлүшү бул жерде кабыл алынгыс.

Келечекте өлкөдө атайын окуу-практикалык жайларды түзүү жана электр энергиясы астында иштей ала турган бригадаларды уюштуруу пландалууда.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген