Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте иттердин чабуулуна кабылган баланын абалы туруктуу жана канааттандырарлык. Бул тууралуу Шаардык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, баланын абалында оң өзгөрүүлөр байкалууда. Ал азыркы учурда өз алдынча тамактанууга киришти жана өзүн жакшы сезүүдө. Учурда дарылоо уланууда, бала дарыгерлердин тынымсыз көзөмөлүндө.
Баланы калыбына келтирүү үчүн көп этаптуу реабилитация күтүп турат. Ооруканадан билдиришкендей, адистердин консилиуму өткөрүлүп, кийинки зарыл операцияларды жүргүзүү пландары такталууда.
Эске салсак, бул окуя 1-апрелде «Калыс-Ордо» турак жай комплексинде болгон. 6 жаштагы бала оюн учурунда коңшулардын короосуна түшүп кетип, үч ит тарабынан чабуулга кабылган. Ал баш мээсинин сотрясениеси, башында чоң жаракаттар, денесинде көптөгөн тиштөө жаракаттары жана травматикалык шок менен ооруканага жаткырылган.
Балдардын коопсуздугуна көңүл буруу, ата-энелерге жана коомчулукка чоң жоопкерчилик жүктөйт. Иттердин чабуулунан сактануу үчүн, балдарды коопсуздук эрежелерин сактоого үйрөтүү маанилүү.