Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
2025-жылы мамлекеттик жана муниципалдык объектилерди текшерүү учурунда 1246 мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, бул мыйзам бузуулар боюнча 690 прокурордук акт түзүлүп, 51 кылмыш иши козголгон, ошондой эле 180 доо арыз сотко берилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 282 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.
Мамлекетке 23 миллиард 673 миллион сомдук зыяндын орду толтурулган. Текшерүүлөрдө социалдык маанидеги объектилердин мыйзамсыз приватизациясына көңүл бурулду. 2023-жылга чейин прокуратура органдары 11 жыл ичинде 1 миллиард 170 миллион сомдук 143 социалдык объектти мамлекеттин балансына кайтарган. Соңку эки жылда бул көрсөткүч 5 миллиард сомдон ашык 115 объектке жеткен. Учурда сотто дагы 93 объект боюнча иштер каралууда.
Мамлекетке 72 социалдык инфраструктура объектиси, анын ичинде 15 бала бакча, 14 мектеп, 15 ооруканадан турган жер тилкелери кайтарылган. Жалпы аянты 36 миң 209 чарчы метрди түзгөн бул объектилердин арасында 7 маданият үйү, 4 спорт комплекси жана 17 башка объект бар.