Бишкектин тургундары акысыз тесттерден өтүп, дарыгерлерден кеңеш ала алышат

Бишкекте, VEFA Center соода борборунда бүгүнкү күнү саат 15:00дөн 17:00гө чейин Дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору маалымдады.

Иш-чарага катышууну каалагандар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр сунушталат. Келгендер кан басымын жана кандагы кантты акысыз өлчөтүп, ВИЧ боюнча экспресс-тесттен өтүп, көздүн басымын текшере алышат. Мындан тышкары, медициналык адистерден кеңештер алууга болот.

Иш-чаранын программасында флешмоб, бий, фитнес-челлендж, сыйлыктар жана интерактивдүү оюндар да камтылган. Бул күндүн максаты – коомчулукту ден соолукка көңүл бурууга үндөө жана активдүү жашоонун маанилүүлүгүн көрсөтүү. Ден соолукту сактоо жана чыңдоо – ар бир адамдын жоопкерчилиги. Ошондуктан, мындай иш-чараларга катышуу ар бирибиз үчүн пайдалуу.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген