Бишкектин мэриясы карусельдердин жана батуттардын техникалык абалын катуу көзөмөлдөйт

Бишкек шаарындагы аттракциондордун иштеши боюнча жыйын өттү. Жыйынга шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева, райондук муниципалдык администрациялардын орун басарлары, Бишкек шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү жана Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында аттракциондордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн баа саясаты, коопсуздук талаптарына ылайык келүү, жабдуулардын техникалык абалы жана көңүл ачуу объектилеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Летний сезонго даярдык, балдардын коопсуздугун камсыздоо жана эс алуу зоналарынын жалпы абалын жакшыртуу боюнча да көңүл бурулду.

Шаарда 6 парк иштеп жатат, дагы 2си реконструкциядан өтүүдө, ошондой эле соода-ойноо борборлорунда 10 балдар аянтчасы бар. Жыйындын жыйынтыгы боюнча, аттракциондордун ээлери менен бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, стихиялуу сооданы токтотуу боюнча чараларды көрүү жана коомдук тамактануу объектилерин текшерүү тапшырылды.

Ошондой эле Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына “паровозиктердин” эксплуатациясын жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү, батуттарды мыйзамсыз пайдалануунун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн балдар аянтчаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелери, жеңилдик шарттарын же атайын күндөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген