Бишкекте 5-класстар үчүн 153 миң «Табият илимдери» китеби чыгарылды

Бишкекте 5-класстагы «Табигый илимдер» предмети боюнча 153 180 даана окуу китеби чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги маалымдады.

Окуу китептери «Учкун» акционердик коомунун басмаканасында басылып, кыргыз жана орус тилдеринде билим берүүчү мектептерге арналган. Окуу китептеринин 87 150 даанасы кыргыз тилинде, ал эми 66 030 даанасы орус тилинде билим берүүчү мектептер үчүн чыгарылган.

Бул китептер өлкөнүн бардык аймактарына таратыла турганы белгиленди. Окуу китептери билим берүү системасын жакшыртууга, окуучулардын табигый илимдер боюнча билимдерин кеңейтүүгө жардам берет. Окуу процессинде сапаттуу материалдардын болушу, балдардын билим алуусун жогорулатууга чоң таасир этет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген