Баткен облусунда үч айдын ичинде мас абалында унаа айдаган 259 айдоочу кармалды

Бишкек шаарында Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө 2026-жылдын биринчи үч айындагы ишмердүүлүк боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга аталган бөлүмдүн жетекчиси Талайбек Намазбеков, анын орун басары жана шаардык, райондук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыл башынан бери жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 15 240 учур катталган. Бузуулар боюнча статистика төмөнкүдөй: мас абалында унаа башкарган 259 айдоочу, 1880 айдоочу ылдамдыкты ашырган, 77 айдоочу унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан, 527 айдоочу тиешелүү документтерсиз унаа башкарган, автохулигандык боюнча 11 факт, жол белгилеринин талаптарын бузган 4267 айдоочу. Ар кандай эрежелерди бузгандыгы үчүн 1646 унаа айыппул токтотуучу жайга киргизилген.

Жыйында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилиги райондук жана шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырмасын берди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо – коомдун коопсуздугу үчүн маанилүү маселе, ошондуктан бул багытта иш алып баруу зарыл.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген