2025-жылы Кыргызстанда 34 миңден ашык кылмыш катталды – Башкы прокуратура

Кыргызстанда 2025-жылы 34 миң 467 кылмыш катталган. Бул тууралуу Башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында маалымдады. Ал 2024-жылга салыштырганда кылмыштуулук деңгээли 5,2% (1885 учур) төмөндөгөнүн белгиледи.

Кылмыштардын жалпы санынын ичинен 29 миң 168и жеңил жана орто оор кылмыштар, 4 миң 197си оор кылмыштар, ал эми 1 миң 102си өтө оор кылмыштар болуп саналат. Кылмыштардын эң көп бөлүгү, тактап айтканда, 23 миң 572си же 68,4% жеке менчикке каршы кылмыштар, 3 миң 830у (11,1%) адамга каршы кылмыштар болуп эсептелет.

Кылмышка катыштыгы бар 22 миң 340 адам аныкталган, алардын ичинен 12 миң 851и жоопкерчиликке тартылган, ал эми 9 миң 480 адамга кылмыш иши токтотулган. Жоопкерчиликке тартылгандардын арасында 2 миң 801 аял, 1 миң 814 бала жана 412 чет өлкөлүк жаран бар.

Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу чаралар көрүлүп жатат. Кылмыштуулукту азайтуу үчүн коомчулук менен биргеликте иш алып баруу маанилүү.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген