Агроөнөр жай министрлиги Джалал-Абад облусунун айыл чарба өндүрүүчүлөрүн окутууда

Джалал-Абад облусунда 30-марттан 4-апрелге чейин айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган регионалдык окутуулар өтүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги маалымдады. Окутуунун негизги максаты – мал чарбачылыгында заманбап технологияларды киргизүү жана фермерлердин практикалык билимдерин жогорулатуу.

Окутуу программасы төмөнкү темаларды камтыйт: айыл чарба малдарынын генетикасын жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу ыкмалары; азыктык өсүмдүктөрдү өстүрүү жана уруктук участкаларды түзүү; аралаш азыктандыруу системасын (TMR) киргизүү; биотехнологиялык борбордун мүмкүнчүлүктөрү; зоотехникалык эсеп жүргүзүү жана азыктык бирдиктерди натыйжалуу пайдалануу.

Иш-чараларга катышуучулар асыл тукум чарбаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, реалдуу өндүрүш шарттарында практикалык тажрыйба алышат. Окутуулар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда өтүүдө. Билим берүү программасы Кыргызстандын мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча илимий-изилдөө институтунун адистери тарабынан KOPIA жана KOICA долбоорлорунун алкагында даярдалган.

Айыл чарбасын өнүктүрүү, жаңы технологияларды колдонуу жана фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу – бул өлкөнүн экономикалык өсүшүнө чоң салым кошот. Мындай окутуулар айыл чарба тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген